АРКА I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Дененин моюндан тартып куймулчакка чейинки омурткалардан турган бөлүгү. Ат аркасын суутуп Эки-үч күн мында туралы! («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Бет алып турган тарапка карама-каршы жак, арт жак. Азыр аркада калган кызыл тоо анда көрүнгөн эмес (Сыдыкбеков). Ат кепенин аркасы аңырайып көчүп кетиптир (Касымбеков). 3. өт. Таяныч, жөлөк, коргооч, жардам. Атаң кууп салганда, Арка болгон мен элем («Эр Табылды»). Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет (макал). Кабылан Манас, жан досум, Качан көрөм аркаңды («Манас»). Алымкул арка кылган Кулбаш сыркоолоп, төшөктө жатат (Абдукаримов).